Чолпон-Атада көл жээгинде парашют сүйрөгөн катерлердин ишине убактылуу тыюу салынды

Чолпон-Атада көл жээгинде парашют сүйрөгөн катерлердин ишине убактылуу тыюу салынды. Бул тууралуу президенттин Ысык-Көл облусундагы өкүлүнүн маалымат кызматы кабарлады.

 

Мындай чектөө экстремалдуу көңүл ачуу кызматында коопсуздук эрежелери сакталбай жаткандыгына байланыштуу киргизилди. Ал тиешелүү органдардын корутундусу чыкмайын күчүндө болот.

 

Ушул жана башка жаңылыктар менен кененирээк Новости.kg Телеграмм каналынан тааныша аласыздар.