Чыгыш автобекетинин имаратына Калкты тейлөө борборун жайгаштыруу каралууда

 

Чыгыш автобекетинин имаратына Калкты тейлөө борборун жайгаштыруу каралууда.

 

Бул тууралуу Бишкек мэриясы билдирди. Имаратты демонтаждоо пландалган жок, ал архитектуралык эстелик катары сакталып, шаардын муктаждыктарына пайдаланылат.

 

Муниципалитетке өткөн объекттин айланасын көрктөндүрүү жана жашылдандыруу пландалууда.