Дүйнөлүк банк Камбар-Ата-1 ГЭСинин негиздемесин жаңылоого 13,6 миллион доллар берет. Энергетика министрлигинен билдиришкендей, сумманын 11 милиону 50 жылдык мөөнөткө пайызсыз берилчү насыя жана 2,6 миллион доллары грант.
Каражат Камбар-Ата-1 ГЭСинин курулушун даярдоо долбооруна жумшалмакчы. Анын ичинде акча долбоордун техникалык-экономикалык негиздемесин жаңылоо, экологиялык жана социалдык документтерин даярдоо жана жергиликтүү калкка пайданы бөлүштүрүү планын иштеп чыгуу иштерине жумшалат.