Бишкекте 1-июндан тарта таза сууга тариф көтөрүлөт.
Тиешелүү токтом долбоору шаардык кеңештин жыйынында кабыл алынды. Ага ылайык, 1 куб суу үчүн калк 10 сом 45 тыйындан, бюджеттик мекемелер 12 сом 95 тыйындан, башка керектөөчүлөр 18,5 сомдон төлөшөт.
Эске салсак, Бишкек шаарында сууга тариф акыркы жолу 2019-жылдын ноябрь айында көтөрүлгөн.