Дүйнөлүк банк Кыргызстанга калктын ден соолугун коргоо үчүн каражат берет

Дүйнөлүк банк Кыргызстанга калктын ден соолугун коргоо үчүн каражат берет. Каржы министрлигинин маалыматына караганда, жалпысынан 8 миллион 75 миң доллар күтүлүүдө, анын 7,5 миллионун өлкө кредитке алат.

 

Аталган долбоор өкмөттүн 2030-жылга чейин калктын ден соолугун коргоо жана саламаттыкты сактоо системасын өнүктүрүү боюнча “Дени сак адам — ​​өнүккөн өлкө” программасын ишке ашырууга көмөктөшөрү белгиленди.