ФИФА футбол боюнча дүйнө чемпионтанын жаңы форматын кабыл алат

ФИФА футбол боюнча дүйнө чемпионтанын жаңы форматын кабыл алат. 2026-жылы өтө турган мундиалды АКШ, Канада жана Мексика биргелешип өткөрөт.

 

Ага биринчи жолу 32 эмес, 48 курама катышат. Алар өз ара 12 тайпага бөлүнүп, ар бирине 4 команда кирет. Биринчи, экинчи орундагы курамалар автоматтык түрдө плей-офф бөлүккө өтөт.

 

Үчүнчү орунда алган 8 команда дагы жолдомого ээ болот. Дүйнө биринчилиги 39 күнгө созулуп, жалпысынан 104 беттеш өткөрүлөт.