ФИФАнын рейтингинде Кыргызстан 4 тепкич артка кетти

Кыргызстандын футбол боюнча курама командасы ФИФАнын кезектеги рейтингинде дагы төрт тепкичке артка кетип, 106-орунду ээледи.

 

210 кураманын сап башында Аргентина, Франция жана Испания турат.

 

Борбор Азия өлкөлөрүнөн Өзбекстандын курамасы бир тепкич өйдө көтөрүлүп 60-орунга, Тажикстан 103-орунга илинди. Казакстан 109-орун менен буга чейинки көрсөткүчүн сактап калды.

 

Ушул жана башка жаңылыктар менен кененирээк Новости.kg Телеграмм каналынан тааныша аласыздар.