Айсулуу Тыныбекова эл аралык мелдештен алтын медаль багындырды

Кыргызстандык Айсулуу Тыныбекова Венгрияда өткөн спорттук күрөш боюнча рейтингдик турнирде алтын тагынды.

 

Балбан кыз 62 кг чейинки салмак ченинде күч сынашкан.
Чейрек финалда Тыныбекова россиялык Алина Хасабиеваны 6:1 менен утту. Ал эми жарым финалда бразилиялык Лаис Нуньести 5:2 эсеби менен жеңген.
Финалда болгариялык спортчу Биляна Дудованы 2:1 эсебинде утуп алды.