Футбол боюнча Европа чемпионатында коомдук тартип күчөтүлөт

Футбол боюнча Европа чемпионатында коомдук тартип күчөтүлөт. Мындай чечим Түркия-Португалия беттеши учурунда оюн талаасына чыгып кеткен көрүүчүлөр үчүн кабыл алынды.

 

Мындай тартип бузуу үчүн стадиондон чыгарып салуу, бардык эл аралык беттештерге катышууга тыюу салуу жана полицияга арыз жазуу каралышы мүмкүн. Эске салсак, Түркия менен Португалия курамалары өткөн ишембиде жолукту. Беттеш учурунда бир нече күйөрман стадионго чуркап кирип, Криштиану Роналду менен сүрөткө түшүүнү каалаган.