Футбол боюнча Уругвайдын курамасынын башкы форварды Луис Суарес карьерасын жыйынтыктады

Футбол боюнча Уругвайдын курамасынын башкы форварды Луис Суарес карьерасын жыйынтыктады. Эми ал улуттук команда үчүн ойнобойт. Бул тууралуу Суарес өзү пресс-конференцияда жарыялады.

 

7-сентябрда өтө турган Парагвай курамасы менен беттеш ал үчүн акыркы болот. Бирок клубдук карьерасын Суарес улантат. Эске салсак, футболчу америкалык “Интер Майами” клубунда ойнойт.

 

Ушул жана башка жаңылыктар менен кененирээк Новости.kg Телеграмм каналынан тааныша аласыздар.