Футбол: бүгүн тартипти 2,5 миңден ашык милиция кызматкери камсыздайт

Кыргызстан менен Кытайдын Тайбэй футбол боюнча курама командаларынын беттешинде тартипти 2,5 миңден ашык милиция кызматкери камсыздайт. Оюн Дөлөн Өмүрзаков атындагы стадиондо бүгүн кечки саат 8де башталат.

 

Белгилеп кетсек, оюндун алкагында көзөмөл күчөтүлөт. Мындан улам, калкка коопсуздук чараларына түшүнүү менен мамиле кылуу сунушталат.

 

Кошумчаласак, футболго байланыштуу күндүзгү саат 2ден тарта Тоголок Молдо көчөсүнүн Чүй проспектисинен Фрунзе көчөсүнө чейинки бөлүгү, Фрунзе көчөсүнүн Манас проспектисинен Панфилов көчөсүнө чейинки бөлүгү жабык болот.