Президент Садыр Жапаров кол койгон жарлыкка ылайык, башка ишке өткөндүгүнө байланыштуу Гүлнара-Клара Самат Кыргызстандын Россия Федерациясындагы жана Армениядагы элчиси кызматынан бошотулду. Бул тууралуу президенттин сайты кабарлады.
Гүлнара-Клара Самат Кыргызстандын Россиядагы ыйгарым укуктуу элчиси болуп 2021-жылдын февралында дайындалган.