Ушул жумадан тарта GoBus кичи автобустары Бишкектен Нарынга каттай баштайт. Бул тууралуу Туризмди колдоо жана өнүктүрүү фондунан билдиришти.
Маалыматка ылайык, каттам 8-августта ишке кирет. Билет баасы 500 сом.
Учурда GoBus мобилдик тиркемеси аркылуу Ысык-Көлгө, ошондой эле Ала-Арча жаратылыш паркына же “Манас” аэропортуна билет сатып алса болот.
Ушул жана башка жаңылыктар менен кененирээк Новости.kg Телеграмм каналынан тааныша аласыздар.