Ичүүчү сууну сугат иштерине колдонууга тыюу салына турганын Бишкек бийлиги эскертет

Ичүүчү сууну сугат иштерине колдонууга тыюу салына турганын Бишкек бийлиги эскертет. Ошондой эле, таза суу менен короо-жайды, килемдерди, унааны жана башка техниканы жууганга болбойт.

 

Суу ченеген прибор болгон учурда гана түнкү саат 12ден таңкы 5ке чейин анча чоң эмес огородду сугарууга уруксат берилет. Учурда Бишкекте рейд жүрүүдө, суу мыйзамсыз сугатка колдонулганы аныкталса, 1 миң сомго айып салынат.