Ички каттамдар үчүн Канададан сатып алынган учак сыноодон ийгиликтүү өттү

Ички каттамдар үчүн Канададан сатып алынган учак сыноодон ийгиликтүү өттү. Ал техникалык учуусун Бишкек — Талас багыты боюнча аткарды. Рейс туруктуу ички каттамдарды уюштууга даярдык көрүүнүн алкагында уюштурулган.

 

Тех.кызматкерлер жана учактын экипажы коопсуздуктун жогорку деңгээлин көрсөтө алды. Ата мекендик авиакомпания жакынкы арада ички каттамдарды аткарып, облустарды ордо калаа менен асман аркылуу байланыштырат. Андан тышкары, коңшу мамлекеттерге учуулар пландалууда.

 

Ушул жана башка жаңылыктар менен кененирээк Новости.kg Телеграмм каналынан тааныша аласыздар.