Индияда актер селфинин саны боюнча дүйнөлүк рекорд орнотту

Индияда актер селфинин саны боюнча дүйнөлүк рекорд орнотту. Акшай Кумар аттуу жергиликтүү кино жылдызы күйөрмандары менен 3 мүнөт ичинде 184 сүрөт тартты.

 

Фанаттар 2 линияга тизилип турган, ал эми актер алардын ортосунан өтүп, ар бири менен сүрөткө түшүп чыккан. Жалпысынан 209 селфи тартылган, бирок айрымдарынын сапаты начар болуп калгандыктан, эсепке алынган жок. Жыйынтыгында, Акшай Кумар Гиннес рекорддор китебине катталды.