Инвестициялар боюнча улуттук агенттик 12 долбоорду ишке ашырууда

Инвестициялар боюнча улуттук агенттик 12 долбоорду ишке ашырууда. Ведомство жетекчисинин орун басары Жибек Абдуллаеванын айтымында, программалардын жалпы баасы 2 миллиард сомдон ашат.

 

Долбоорлордун арасында Чүй облусунда соода-логистикалык борбордун, Бишкектеги көп функционалдуу комплекстердин, күн станциялардын, кичи ГЭСтердин жана логистикалык парктын курулушу бар.