Ишкерлерди жана инвесторлорду коргоо күчөтүлөт

Президент Садыр Жапаров ишкерлерди жана инвесторлорду коргоону күчөтүүгө багытталган мыйзам долбоорун демилгеледи.

 

Документте бир нече кодекстерге өзгөртүүлөр каралууда. Тактап айтканда, Кылмыш-жаза кодексине мыйзамдуу ишкердикке кийлигишүү үчүн жазалоону караган беренени кошуу пландалууда. Бизнести мыйзамсыз текшерүү үчүн айып пулду 10 миң сомдон 15 миң сомго чейин көтөрүү керектиги белгиленди.

 

Президент ошондой эле ишкерлерге электрондук көзөмөл, күрөө же үй камагына алуу сыяктуу альтернативдүү алдын алуу чараларын колдонууну сунуштады. Бул негизсиз камоодон коргоого жардам берет.