Испаниялык адам кызыктай, бирок пайдалуу бизнес ойлоп тапты

Испаниялык адам кызыктай, бирок пайдалуу бизнес ойлоп тапты.

 

Ал бардык никени бузуп сала алат. Маселен, үйлөнүү үлпөт күнү мааракеге келип, турмушка чыгып жаткан кыздын көңүлдөшү экенин жарыялайт. Ал тургай колуктуну өзү менен чогуу качып кетүүсүн өтүнөт.

 

Бул кызматы үчүн 550 доллар алат. Аны негизинен түгөй тандоодо анчейин өзүнө ишенимдүү болбогон, бирок той күнү оюн ачык айтуудан тартынган кыздар чакырышат.

 

“Куткаруучунун” таяк жеп калган күндөрү да болот. Ал эми бул үчүн кошумча 50 доллар алат. Кызыгы, жигит 2-ноябрга чейин бош эмес.

 

Ушул жана башка жаңылыктар менен кененирээк Новости.kg Телеграмм каналынан тааныша аласыздар.