Казакстандын бардык аймагы бирдей саатка өттү

Казакстан UTC+5 деген бирдей саатка расмий түрдө өттү. Бүгүн 1-мартта жарым түндө республикалык маанидеги шаарлар Астанада, Алматыда жана Чымкентте, ошондой эле 12 облуста саат бир саат артка жылды.

 

Актөбө, Атырау, Батыш Казакстан, Кызылорда жана Маңгыстау облустарында саат жылган жок, анткени ал жак буга чейин эле UTC+5 убактысында болчу.

Өкмөттүн жалпы өлкө боюнча бирдей саатка өтүү тууралуу токтомунда “Адамдын саламаттыгы, экономикасы жана коопсуздугу үчүн табигый убакытка максималдуу түрдө жакын келген туруктуу саат зарыл” экени белгиленген.

 

Айрым казакстандыктар, анын ичинде чыгыш тилкедеги облустардын тургундары жаңы саатка өтүүгө каршы болушкан.

Эксперттердин айтымында, Казакстандын аймагы UTC+3, UTC+4, UTC+5, UTC+6 деген төрт сааттык форматка ылайык келет.

Совет убагынан бери уланып келген «жайкы саатка» өтүүдөн Казакстан 2005-жылы баш тарткан.