Эки округдан он адам депутат болуу ниетин билдирди

Ноокаттагы №5 бир мандаттуу округдан парламентке мөөнөтүнөн мурда шайлоого беш талапкер — Айболот Айдосов, Бакытбек Марипов, Байжигит Мурзакматов, Артыкбай Абдивалиев жана Элдар Кудайбердиев катталды.

 

Ысык-Көлдөгү №36 бир мандаттуу округдан Атабек Мазымканов, Бактыбек Момбеков, Жакшылык Мукамбетов, Данир Иманалиев жана Султан Тентимишов талапкерлигин көрсөткөнүн Борбордук шайлоо комиссиясы маалымдады.

 

Депутаттыкка ат салышууну каалагандардан арыз 30-майга чейин кабыл алынат. Шайлоо 30-июнда болот. Эки округда мөөнөтүнөн мурда парламенттик шайлоо өткөрүүнүн чыгымы 21 миллион 748 миң сом деп эсептелген.

 

2021-жылы Жогорку Кеңештин VII чакырылышына Ноокаттан шайланган Жусупбек Коргонбай уулу 22-апрелде, Ысык-Көлдөн шайланган Максатбек Сарбагышев 25-апрелде мандатын тапшырган.

 

Жогорку Кеңештин VII чакырылышы 2021-жылы декабрь айында ишин баштаган. Андан бери ар кандай себеп менен 20га чукул депутат мандатынан ажыратылды.