Электр тармактарынын күз-кыш мезгилине даярдыгын текшерүүчү комиссиялар түзүлдү

Өлкөдө электр тармактарынын күз-кыш мезгилине даярдыгын текшерүүчү комиссиялар түзүлдү. Адистер республика боюнча “Улуттук электр тармактары” компаниясынын филиалдарын кыдырып, капиталдык курулуштарынын сапатына, көлөмүнө жана өз убагында аткарылышына, энергетика объектилерин, имараттарды, курулмаларды жана транспорт каражаттарын оңдоо иштерине баа беришет.

 

Бардык бөлүмдөрдүн жана кызматтардын даярдыгы абанын температурасынын кескин төмөндөшүнө, катуу шамалга жана башкаларга байланыштуу божомолдордо да текшерилет.

 

Анын жыйынтыгы боюнча комиссия протоколдорду түзүп, андан кийин күз-кыш мезгилине даярдыктын паспортторун энергетиктерге берүү боюнча чечимдер кабыл алынат.

 

Ушул жана башка жаңылыктар менен кененирээк Новости.kg Телеграмм каналынан тааныша аласыздар.