Быйыл 1 миллион 600дөн ашык гүл Бишкекке көрк кошот

Быйыл түркүн түстүү 1 миллион 600дөн ашык гүл ордо калаага көрк кошот. “Бишкекжашылчарба” ишканасынын күнөсканаларында бир жылдык гүлдөрдүн үрөнүн себүү башталды.

 

Адистер көчөттөрдү өстүрүп, жазында шаардын гүлзарларына отургузушат.

 

Эске салсак, былтыр Бишкек бир миллиондон ашык бир жылдык гүлдөр менен кооздолгон.