Эмгек, социалдык камсыздоо жана миграция министри алмашты

Гүлнара Баатырова эмгек, социалдык камсыздоо жана миграция министри кызматынан башка ишке өткөнүнө байланыштуу бошотулду. Тиешелүү жарлыкка президент кол койду.

 

Садыр Жапаровдун дагы бир жарлыгы менен анын ордуна орун басары Жылдыз Полотова эмгек, социалдык камсыздоо жана миграция министринин милдетин аткаруучу болуп дайындалды.