Күрөңкеев атындагы музыкалык окуу жайга «улуттук» макамы ыйгарылды

Мураталы Күрөңкеев атындагы Кыргыз мамлекеттик музыкалык окуу жайына “улуттук” макамы ыйгарылды. Тийиштүү Жарлыкка президент Садыр Жапаров кол койду.

 

Мындай токтом маданият жана искусство жаатындагы орто кесиптик билим берүүнү өркүндөтүүгө жана музыкалык искусствону өнүктүрүүгө кошкон олуттуу салымы үчүн кабыл алынганы айтылды.

 

Ага ылайык, окуу жай мындан ары «Муратаалы Күрөңкеев атындагы Кыргыз улуттук музыкалык окуу жайы деп атасат.