Чүй облусунда көп функционалдуу логистикалык борбор курулат

Чүй облусунда көп функционалдуу логистикалык борбор курулат. Бул тууралуу Инвестициялар боюнча улуттук агенттиктин жетекчисинин орун басары Нурадил Баясов билдирди.

 

Анын айтымында Министрлер Кабинети менен жергиликтүү компаниянын ортосунда инвестициялык макулдашууга кол коюлду. Долбоордун баасы 20 миллион долларды түзөт.

 

Борбордун жалпы аянты 20 миң чарчы метрди түзүп, анда кампа, азык-түлүк продукциясын жууганга, таңгактоого атайын жайлар жана лаборатория болушу күтүлүүдө.