Күзгү-кышкы сезон аяктагандан кийин Улуттук энергохолдинг жоюлат

Күзгү-кышкы сезон аяктагандан кийин Улуттук энергохолдинг жоюлат. Бул тууралуу Жогорку Кеңештин отун-энергетикалык комплекс боюнча комитетинин отурумунда Энергетика министри Таалайбек Ибраев жарыялады.

 

Анын айтымында, министрлик менен Улуттук энергохолдинг бир тармакты тейлеп жаткандыктан, каражатты үнөмдөө максатында холдингди жабуу чечими кабыл алынды.

 

Учурда бул үчүн документтерди даярдоо иштери жүрүүдө.  Эске салсак, Улуттук энергохолдинг 2016-жылы өкмөттүн чечими менен түзүлгөн.