Кыргызстанда 1-октябрдан тарта пенсия жогорулайт

Кыргызстанда 1-октябрдан тарта пенсия жогорулайт. Бул тууралуу Садыр Жапаров Фейсбуктагы баракчасына жазды. Өлкө башчы билдиргендей, пенсияга                   орточо эсеп менен 1 миң 700 сомдон 3 миң 400 сомго чейин кошулат.

 

Эгер буга чейин жылына пенсияга мамлекеттик бюджеттен 70 миллиард сом бөлүнүп келсе, эми бул сумма 90 миллиард сомго көбөйдү. Соцфонддун маалыматына ылайык, Кыргызстанда 735 миң пенсионер бар. Пенсиянын орточо көлөмү 6 миң 100 сомго барабар.