Кадамжайда өзгөчө кырдаал режими алынды

Кадамжайда сел кесепеттерин жоюу иштери жыйынтыкталгандыгына байланыштуу өзгөчө кырдаал режими алынды.

 

Өзгөчө кырдаалдар министрлигинен эске салышкандай, 24-июнда нөшөрлүү жаандан улам Кадамжай районунун Искак Полотхан айыл аймагынын Жеңиш айылына сел келип, турак үйлөргө, жер төлө жана социалдык объекттерге суу кирген.

 

Мындан улам 25-июнда Кадамжай районунун аймагына өзгөчө кырдаал жарыяланган.

 

Ушул жана башка жаңылыктар менен кененирээк Новости.kg Телеграмм каналынан тааныша аласыздар.