Коронавирустун “Дельта” штаммы жайылып жатат деген маалымат чындыкка дал келбейт

Кыргызстанда өлүмгө алып келген коронавирустун “Дельта” штаммы жайылып жатат деген маалымат чындыкка дал келбейт.

 

Оорулардын алдын алуу департаментинин маалыматына караганда, мындай билдирүүлөр социалдык тармактарда жана мессенджерлерде тарап жатат.

 

Мекеме өлкөдө эпидемиологиялык абал туруктуу экенин белгилейт жана жарандарды жалган маалыматтарга ишенбөөгө чакырат.