Калкты тейлөө борборлоруна эми Tunduk аркылуу онлайн катталса болот

“Түндүк” мобилдик тиркемесинде калкты тейлөө борборлоруна онлайн кезекке туруу кызматы ишке кирди. Бул тууралуу Санариптик өнүктүрүү министрлиги маалымдайт.

 

Белгиленгендей, эми “Түндүк” мобилдик тиркемесинин колдонуучулары республика боюнча бардык Калкты тейлөө борборлоруна каалаган убакытка алдын ала онлайн жазыла алышат.