Камбар-Ата – 1 ГЭСинин курулушуна даярдык иштери уланууда.
Энергетика министрлигинен билдиришкендей, учурда жеринде жол, көпүрө, туннелдер, жумушчуларга убактылуу турак-жайлар, жогорку чыңалуудагы линия жана подстанция курулуп жатат.
Бул иштерди аткарууга каражат мамлекеттик бюджеттен бөлүнгөн. Ведомстводон белгилешкендей, энергетиктердин азыркы башкы максаты – даярдык иштерин эрте жыйынтыктап, ГЭСтин өзүнүн курулушун тез арада баштоо.
Ушул жана башка жаңылыктар менен кененирээк Новости.kg телеграмм каналынан тааныша аласыздар.