Токтогул ГЭСинде №1 гидроагрегатты оңдоо иштери уланууда. Энергетика министрлигинин маалыматына караганда, 20 күндө чоң көлөмдөгү иштер бүткөрүлдү.
Реконструкциялоо жумуштары аяктагандан кийин гидроагрегаттын кубаттуулугу 60 мегаваттка көбөйөрү күтүлүүдө. План боюнча келерки күз-кыш мезгилине чейин бардык иштер бүткөрүлүп, калкты электр энергиясы менен үзгүлтүксүз камсыздоо убада кылынууда.