«Кант» көмөк чордонунун кубаттуулугу жогорулатылууда

Керектөөчүлөрдү электр энергиясы менен камсыздоону жакшыртуу максатында «Бишкек электр тармактары» ишканасы 110/35/10 кВ «Кант» жогорку чыӊалуудагы көмөк чордонунда реконструкциялоо иштерин жүргүзүүдө. Энергетика министрлигинен билдиришкендей, учурда планына ылайык, «Кант» көмөк чордонундагы кубаттуулугу 25 МВА болгон күч трансформаторун кубаттуулугу 40 МВА болгон жаңы трансформаторго алмаштыруу иштери жүргүзүлүүдө. Алмаштырылгандан кийин «Кант» көмөк чордонунун жалпы кубаттуулугу 80 МВА түзөт, башкача айтканда кубаттуулугу 15 МВА көбөйөт.

 

Ошондой эле адистер трансформатордун эски коргонуусун жана автоматикасын демонтаждоо иштерин жүргүзүп, трансформатордун негизги жана резервдик коргонуусунун жаңы терминалдарын орнотушат. Эски релелик коргоо жана автоматика коргоо жабдуулары электромеханикалык болгон, ал эми жаңы заманбап — санариптик коргоо терминалдары релелик коргоо жана автоматика иштердин ишенимдүүлүгүн жогорулатууга мүмкүндүк берет.

 

Белгилей кетсек, жогорку чыӊалуудагы 110/35/10 кВ «Кант» көмөк чордону 1991-жылы пайдаланууга берилген.

 

Ушул жана башка жаңылыктар менен кененирээк Новости.kg Телеграмм каналынан тааныша аласыздар.