CASA-1000 долбоору кайсы этапта?

CASA-1000 долбоорун ишке ашыруу боюнча жумуштар кызуу жүрүүдө. «Кыргызстандын улуттук электр тармактары» ишканасынан билдиришкендей, учурга карата 1 миң 243 тирөөч курулуп бүттү. Алдыда ток өткөргөн линияларды тартуу иштери аткарылат.

 

Ири энергетикалык долбоор боюнча «Кыргызстандын улуттук электр тармактары» ишканасынын басма сөз кызматынын жетекчиси Элзада Саргашкаева төмөнкүлөргө токтолду:

 

«Чоң долбоор ишке ашып жатканда ар кандай кооптонуулар пайда болот экен. Бул эмне курулуш, муну ким салып жатат, кайсы акчага деген суроолор жаралат экен. Бирок бул долбоор Кыргызстанда ийгиликтүү ишке ашып жатат”.

 

Эске салсак, САSA-1000 жай мезгилинде Кыргызстан менен Тажикстандан Афганистан жана Пакистанга электр энергиясын экспорттоону камсыз кылчу долбоор.