Кара-Балтада ун, кумшекер, май арзандатылган баада сатылат.
Акция 15-январь күнү мал базардын аймагында болорун шаардык мэриядан билдиришти.
Жарманке жарандарды жана калктын социалдык аялуу катмарын колдоо максатында уюштурулууда.
Алсак, ундун 1 килограммы 32 сом, кумшекер 75 сом, Россияда өндүрүлгөн өсүмдүк майынын 1 литри 110 сомдон сатылат жана эч кандай чектөө болбойт.