Кара-Көл шаарына жаңы мэр дайындалды

Нуртилек Орозбаев Жалал-Абад облусунун Кара-Көл шаарынын мэри болуп дайындалды. Тиешелүү тескемеге Садыр Жапаров кол койгонун президенттин басма сөз кызматынан билдиришти.

 

Ал эми буга чейин бул кызматты ээлеп турган Талайбек Конкобаев президенттин башка тескемеси менен кызматынан бошотулган.

 

Ушул жана башка жаңылыктар менен кененирээк Новости.kg Телеграмм каналынан тааныша аласыздар.