№7 Ош бир мандаттуу шайлоо округу боюнча Жогорку Кеңештин депутатын мөөнөтүнөн мурда шайлоо 28-апрелде өтөт. Тиешелүү жарлыкка президент Садыр Жапаров кол койду.
Шайлоону уюштуруу жана өткөрүү Борбордук шайлоо комиссиясына жүктөлдү. Министрлер кабинети каражат бөлүп берет.
Эске салсак, №2 Баткен жана №9 Кара-Суу бир мандаттуу шайлоо округу боюнча парламент депутаттарын мөөнөтүнөн мурда шайлоо да 28-апрелге белгиленген.