Каракол шаарында “Арбат” пайда болот.
Калаа мэриясынан билдиришкендей, Дербишев көчөсүнүн бир тилкеси жөө жүрүүчүлөр үчүн гана ылайыкташат. Кеп, анын Токтогул – Тыныстанов бөлүгү тууралуу болуп жатат.
Бул жердеги объектилер бирдиктүү стилде жасалып, көчө жарыгы, отургучтар орнотулуп, шаар тургундарынын сейилдөөсү үчүн бардык шарттар түзүлөт.