Кыргызстанда эттин баасы арзандаганы байкалды

Кыргызстанда эттин баасы арзандаганы байкалды.

 

Улуттук статистикалык комитеттин маалыматына ылайык, кой этинин баасы дароо 9 сомго төмөндөдү. Эгер июнь айынын аягында эттин килограммы орто эсеп менен 590 сом болсо, 12-июлга карата баа 581 сомду түздү.

 

Уй этинин килограммы ай башынан бери 4,5 сомго төмөндөп, азыр эттин бул түрү 546 сомго жакын турат.

 

Жылкы этине келсек, дээрлик эки сомго арзандап, учурда 1 килограммы орто эсеп менен 489 сомдон сатылууда.