Кесиптик орто окуу жайларда 4 миңден ашык бюджеттик орун берилет

Жаңы окуу жылында кесиптик орто окуу жайларда 4 миңден ашык бюджеттик орун берилет. Бул тууралуу Билим берүү жана илим министрлигинен билдиришти.

 

Маалыматка ылайык, тиешелүү токтом долбоору коомдук талкууга коюлду.

 

Кошумчаласак, азыркы тапта республикада 154 кесиптик орто окуу жайы бар, анын ичинен 48и республикалык бюджеттен каржыланат.