Кыргызстанда контролдук-кассалык аппарат колдонгон ишкерлердин саны соңку бир жылда дээрлик үч эсе көбөйдү.
Бул тууралуу “Азаттыкка” Салык кызматынан билдиришти.
Мекеменин маалыматына караганда, 2022-жылдын жыйынтыгы менен ККМ колдонуп иштегендердин саны 64 миңден ашты.
2021-жылы бул көрсөткүч 22 миңдей болчу.
Салык кызматынын эсеби боюнча, ККМ колдонушу зарыл болгон ишкерлердин саны 100 миңдин тегерегинде.
Өкмөт салык чогултууну жакшыртуу, көмүскө экономиканы жоюу максатында былтыртан тарта контролдук-кассалык аппарат талап кыла баштаган.