ККМдин жаңы моделине өтүү эки айга узартылды

Көзөмөл-кассалык машиналардын жаңы моделине өтүү эки айга узартылды.

Бул тууралуу Мамлекеттик салык кызматынан билдиришти.

Өкмөттүн токтомуна ылайык, ишкерлер мартка чейин ККМдин жаңы моделине өтүшү керек.

Бул талаптын аткарылышы үчүн былтыр 31-декабрга чейин убакыт берилген.

Бирок ишкерлердин кайрылууларынан улам мөөнөт узартылганы белгилүү болду.

Базарларда, чакан базарларда, жармаңкелерде жана көргөзмөлөрдө соода кылгандар 1-апрелге чейин ККМ колдонбой, патенттин негизинде иштесе болот.