Өкмөт кыргызстандыктарды коронавируска каршы эмдөөдөн өтүүгө чакырат

Саламаттык сактоо министрлиги кыргызстандыктарды коронавируска каршы эмдөөдөн өтүүгө чакырат.

 

Мекеменин маалыматына караганда, учурда өлкөдө COVID-19 боюнча абал туруктуу. Бирок Дүйнөлүк саламаттык сактоо уюму беткап тагынууну жана эмделүүнү сунуштайт.

 

Бүгүнкү күндө Кыргызстанда 150 миң доза “Синовак” вакцинасы бар. Ушул жылдын биринчи кварталында «Pfizer» вакцинасынын 20 миң дозасы келет деп күтүлүүдө.