Кыргызстанда 500дөй менчик клиника жабылды

Кыргызстанда лицензиялык жана санитардык талаптарга жооп бербеген 485 менчик клиника жабылды. Бул тууралуу Саламаттык сактоо министри Алымкадыр Бейшеналиев «Азаттыкка» билдирди.

 

Министрдин айтымында, алардын 333үнө айып пул салынды.

 

Белгиленгендей, чиновник бул медициналык жайлар канча убакыт аралыгында жабылганын тактаган жок.