ӨКМдин өрткө каршы кызматынын автопаркы толук жаңыланды

Эки жылда Өзгөчө кырдаалдар министрлигинин өрткө каршы кызматынын автопаркы толук жаңыланды.

Бул тууралуу Министрлер кабинетинин төрагасы Акылбек Жапаров билдирди.

Анын айтымында, тиешелүү кызматтын техникалык базасы эгемендик алгандан бери биринчи жолу жаңыланды.

Маалыматка ылайык, ушул тапта ӨКМдин карамагында 2 тик учак, 185 өрткө каршы техника жана 81 инженердик жүк ташуучу унаа бар.

Ошондой эле 10 жол тандабас, 24 экологиялык автобус жана 2 мобилдик клиника сатылып алынган.

Техниканын бир бөлүгү республикалык бюджеттин каражатына, калганы өнөктөштөр менен гранттык макулдашуулардын алкагында берилген.