Красноярск аймагында абанын температурасы -73 градуска түштү

Красноярск аймагында Түндүк жарым шардын температурасынын рекорду жаңыланды.

Бул тууралуу орус басылмалары жазды.

Ессей айылында термометрлер 73 градуска чейин төмөндөгөн.

Планетада мындай төмөн көрсөткүчтөр Антарктидада гана катталган.

Росгидрометтин маалыматы боюнча, Якутия менен Иркутск облусунда, ошондой эле Уралда да аномалдуу суук күтүлүүдө.