Кыргызстанда ушул жылы “Социалдык келишим” долбоорунун алкагында  10 миң үй-бүлөгө каржылык колдоо көрсөтүлөт

Кыргызстанда ушул жылы “Социалдык келишим” долбоорунун алкагында  10 миң үй-бүлөгө каржылык колдоо көрсөтүлөт. Эмгек, социалдык камсыздоо жана миграция министри Кудайберген Базарбаевдин айтымында, ар бир үй-бүлөгө 100 миң сомдон каралат.

 

Бул каражатка аз камсыздалгандар чакар ишкерлик баштап, жакырчылыктан чыгууга аракет кылышы керек. Долбоордун катышуучуларынын тизмеси жөлөк пул алуучулардын арасынан тандалып түзүлөт.