Кубалык балбан Михаин Лопес Нуньес күрөш боюнча дүйнөдөгү алгачкы беш жолку олимпиада чемпиону болду

Кубалык балбан Михаин Лопес Нуньес күрөш боюнча дүйнөдөгү алгачкы беш жолку олимпиада чемпиону болду. Бүгүн Париждеги оюндарда ал Чилиден келген атаандашын утуп алды.

 

Беттештин соңунда 41 жаштагы спортчу карьерасын жыйынтыктаганын жарыялады. Лопес 2008-жылдан бери бардык Олимп оюндарында алтын медаль уткан жалгыз балбан.

 

Ушул жана башка жаңылыктар менен кененирээк Новости.kg Телеграмм каналынан тааныша аласыздар.