Кумтөр боюнча түзүлгөн депутаттык комиссиянын төрагасы болуп Арсланбек Малиев шайланды.
Жогорку Кеңештин 25-январдагы жыйынында анын талапкерлиги каралып, 64 депутат макулдугун берди.
«Кумтөр Голд Компани» Кыргызстандын карамагына өткөндөн берки анын алтын казуу, сатуу ишин жана компаниянын ишмердүүлүгүн изилдей турган депутаттык комиссия 29-сентябрда түзүлгөн.
Андан бир айдан кийин комиссиянын төрагалыгына Исхак Масалиев шайланып, 30-ноябрда ден соолугуна байланыштуу бул милдеттен баш тарткан.
Масалиев комиссия март айында “Кумтөр” кенине барып келүүнү пландап жатканын 24-январда “Азаттыкка” билдирген.
Ал комиссиянын иш мөөнөтү 28-мартка чейин узартылганын маалымдаган.
Канадалык “Центерра Голд” компаниясы менен бирге башкарып келген кенди Кыргызстан өз карамагына 2021-жылдын май айында алып, 2022-жылдын апрелинде “Кумтөр Голд Компанинин” 100% акциясы Кыргызстанга өткөн.